Биз менен байланышыңыз

«Мекеним Кыргызстандын» үгүтчүсү деп айтылган жаран акча таратканы үчүн кармалды (видео)

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 2238 | 0

Оштун Кара-Суу районунда ири суммадагы акча тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.

1-октярбрда Ош ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө чалуу келип түшкөн, кайрылган жаран 1-октябрда кечки саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында саясий партиянын мүчөлөрү тарабынан акча таратылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Милициянын маалыматына караганда, 25-сентябрда саат 19:30 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман а/а тургуну 56-жаштагы С.Уга партиялардын биринин ишенимдүү адамы “Б” деген атуул беш кагаз кутучасында (конверт) акча каражатын берип, “үйүңдө туруп турсун, мен келип бирге таркатабыз” таштап кеткен.

Текшерүү учурунда У.С аттуу жаран өз ыктыяры менен жогорудагы акча каражатын берүүнү билдиргендиктен, окуя болгон жерге кароо жүргүзүү протоколу менен 5 конверт жалпы суммасы 313.000 сом акча каражаты менен алынды.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 192-бер. 1-бөл. негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталды.

Социалдык тармактарда акча тараткан жаран «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапташы экени айтылып жатат. Бирок аталган партия муну четке кагууда.

Добуш сатып алуу аракетин милиция токтотуп калды. Акча "улук агитатордон" табылып, майда "агитаторлорго" тийгени үлгүрбөй калды.Бул окуя Кара-Суунун Нариман айылында болду деп вотсаптан келди. Кайсы партиянын акчасы экенин таап алыңызчы!

Опубликовано Mirbek Mamatkasym Четверг, 1 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM