Биз менен байланышыңыз

Депутат Алмазбек Токторов “Кыргызстандын” тизмесинен чыкты

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 429 | 0

“Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинен Алмазбек Токторов чыгып кетти. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Алмазбек Токторов “Кыргызстандын” тизмесинде 43-катарда болчу.

Ал 2016-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болду.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM