Биз менен байланышыңыз

Кайрат Осмоналиев: Шайлоо күнү БШК сайтына хакердик чабуул болушу мүмкүн

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 30 Сен 2020 | 1008 | 0

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо шайлоо серверине 40 миң жолу хакердик чабуул болгон. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссияссынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев “Маралдын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал алдыда боло турчу парламенттик шайлоодо да ар кандай чабуулдарды күтүүгө болорун айтат.

«2017-жылкы президенттик шайлоо күнү болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Бирок система ага туруштук берген. Эртеңки шайлоодо дагы чабуул болбой койбойт. Системабыз заманбап, аны тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз, андай чабуулдарга каршы тура алат деп ойлойм», — деди Осмоналиев.

Ал ар кандай кокустуктардын жана коркунучтардын алдын алуу максатында ар бир участокторго кошумча интернет, электр энергиясын чыгарып берүүчү генераторлор жеткирилгенин кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышып, 3 жарым миллиондой жаран шайлоого катыша алат.

Copyright © 2017 Maral FM