Биз менен байланышыңыз

Экономика министрлигинин кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 621 | 0

Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

29-сентябрда кызматтык бөлмөсүнөн 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда Экономика министрлигинин кызматкери «Б.Э.А.» кармалды. Ал банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды.

Анын кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 млн 331 миң 300 сом табылган, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси («Пара берүү») боюнча каттоого алынды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM