Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирустун 147 жаңы учуру катталды. Ушуну менен вирус жуктургандардын саны 46 миң 669га жетти.
Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 19;
- Ош — 13;
- Чүй облусу – 10;
- Ош облусу — 34;
- Талас облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу – 11;
- Жалал-Абад облусу – 41;
- Баткен облусу — 17.
Өлкө аймагындагы стационарларда 819 бейтап дарыланууда, үй шартындагы дарыланууда 1455 бейтап бар.
Акыркы бир сутка ичинде 118 адам коронавирустан айыгып чыкты. Алар Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда – 51, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 24 бейтап айыкты.
Коронавирус инфекциясын жугузуп, андан айыккандардын жалпы саны 42 миң 879га жетти. Каза болгондор 1064 адам.