Биз менен байланышыңыз

АКШ элчилиги студенттик виза тууралуу түшүндүрдү

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 472 | 0

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги студенттик виза берүү эрежелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берди. Кактус медианын жазганы боюнча, буга чейин АКШнын Улуттук коопсуздук министрлиги тарабынан айрым өзгөртүүлөр сунушталган.

АКШ элчилигинин маалыматына караганда, америкалык студенттер Кыргызстанда билим алуу үчүн бир жылдык виза алышкан сыяктуу эле, виза алуу үчүн кайрылган кыргыз студенттери АКШда бир жылдык окуу үчүн жарактуу виза алышат.

Жыл сайын визаларын узартуу үчүн АКШнын Бишкектеги элчилигине кайрыла алышат.

Буга чейин АКШда кыргызстандыктар үчүн студенттик визанын мөөнөтү эки жылга чейин чектелиши мүмкүн деген сөз болгон. Буга байланыштуу төрт жылга окууга баргандар диплом ала албай калышы мүмкүн экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM