Биз менен байланышыңыз

Меркель «жашыруун» түрдө Навальныйдан кабар алды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 357 | 0

Германия канцлери Ангела Меркель орусиялык оппозиционер Алексей Навальный  Берлиндеги клиникада дарыланып жаткан учурда барып кабар алган. Бул тууралуу жеке булактарына таянып Spiegel журналы жазды.

Анда Меркель опппозициячыл Навальный 32 күн жатып, дарыланган Charite ооруканасына «жашыруун» түрдө барганы айтылат.

Бул маалыматты Навальный өзү да ырастады. Ал бул жолугушуу «жашыруун» катары саналбай турганын, жөн гана жеке жолугушуу болгонун белгилеген.

Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Ал 22-августта Берлинге жеткирилип, Charite клиникасына жаткырылган. Ал 20-августтан 7-сентябрга чейин комада болгон. Германиядагы дарыгерлер анын Орусияда «Новичок» тибиндеги зат менен ууланганын аныкташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM