Биз менен байланышыңыз

26-сентябрда тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 456 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-сентябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;

Нарын облусунун аймактарында түнкүсүн 2…+7, күндүз +17…+22;

Бишкекте 26-сентябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21.

Copyright © 2017 Maral FM