“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен 9 киши чыгарылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 22-сентябрдагы отурумунда кабыл алды.
Алар:
-Хамракул Жаныкулов;
-Лунара Мамытова;
-Малик Ахметов;
-Сайкал Калиева;
-Алина Шакирова;
-Гулжамал Таирова;
-Мадина Абдукадырова;
-Сабина Айтыева;
-Бермет Касымова.
Бул талапкерлер аталган партиянын тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазышкан.
Өткөн жумада Ысык-Көл районунун мурдагы акими Данир Иманалиев да «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган. Ал партиянын тизмесинде 188-орунда болчу.
Буга чейин Каныбек Иманалиев, Акылбек Жапаров жана Урмат Усеновдор да бул партиянын тизмесинен чыгып кеткен.