Биз менен байланышыңыз

Боронов: Шайлоо учурунда интернет жана электр жарыгы өчпөшү керек

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 493 | 0

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо коомдук жана санитардык коопсуздук сакталып, байланыш, интернет жана электр энергиясы үзгүлтүксүз иштеш керек. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана шайлоону өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын отурумунда билдирди.

Кеңешмеде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасады.

Форма-2 документин берген сервер иштебей жатат

Бороновдун айтымында, шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси аяктады. БШК шайлоочуларды добуш берүү участкаларына жеткирүү фактысын, ошондой эле добуштарды сатып алуу боюнча белгилерди каттады. Шайлоо тилкелерине пандустарды орнотуу иштери улантылууда.

Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынды. Электр энергиясы, байланыш, Интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өрт коопсуздугун сактоо боюнча жумуштар жасалды. Чет мамлекеттердеги добуш берүү тилкелерине гигиеналык коргонуу каражаттары жеткирилүүдө, ошондой эле жабдууларды жана бюллетендерди жеткирүү маселеси каралууда.

Кубатбек Боронов шайлоо процессине катышып жаткан саясий партиялар мыйзам чегинен чыкпаш керектигин белгиледи.

«Ошондой эле саясий партиялар санитардык нормаларды так сактоосу керек. Талаптарды аткарбаган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эскертүү берилүүгө тийиш», — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды.

«Сервер иштебей жатат». Шайлоочулар «Форма-2» тапшыра албай калды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM