Биз менен байланышыңыз

БУУнун Башкы Ассамблеясы 75 жылдык мааракесин кантип белгилейт?

Дүйнө | 21 Сен 2020 | 671 | 0

Эртең, 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясынын мамлекет башчылары жана жалпы дүйнөдөгү башчылар катышуучу маанилүү бөлүгү башталат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу быйыл бардык иш-чаралар онлайн түрүндө өтөт.

БУУнун мурунку башкы катчысы Пан Ги Мун айткандай, «Башкы Ассамблея — дүйнөдөгү бардык адамдар үчүн чыныгы парламент”. Мында дүйнөлүк башкаруучулар келип, глобалдык маселелер талкууланат.

БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериштин айтымында, Башкы Ассамблеянын 75-сессиясында ок чыгаруу режимин токтотуу боюнча сөз болот. Сирия, Ливия, Украина жана башка согуш жүргөн өлкөлөрдө атышуу режимин токтотуу маселеси каралат.

Андан сырткары, пандемия менен күрөшүү ыкмалары, алдын алуу жана вакцина тууралуу сүйлөшүүлөр болот.

Ошондой эле, Гуттериш климаттык өзгөрүүлөргө сөзсүз токтолорун айтты. “Дүйнө оттун очогунда калганын” айткан башкы катчы АКШнын штаттарында жайылып бараткан өрткө карата тынчсыздануусун билдирген. Андан башка, кедей мамлекеттерди өнүктүрүү, жакырчылыктан кутулуу маселесине да сөзсүз көңүл бурулары айтылган.

— 75 жылдыгында БУУ 1945-жылдагыдай кыйын кырдаалга кептелип турабыз. Биз өз чечимизди жасап, принциптерге жараша талапты аткарышыбыз керек,— дейт Гуттериш.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясына төрага болуп Түрк дипломаты Волкан Бозкыр шайланган. Волкан Бозкыр Ассамблея төрагалыгына БУУ эпидемия менен күрөшүп жаткан оор кырдаалда келди.

Быйыл Бириккен улуттар уюмунун астындагы Башкы Ассамблеянын мааракелик чогулушу. Тактап айтканда, 75 жылдыгы өтүүдө. Буга байланыштуу Ассамблеянын тарыхына да учкай токтолуп өтсөк:

—  Башкы Ассамблеянын Биринчи сессиясы 1946-жылы Лондондо башталган.

—  Алгач башталганда уюштуруучу өлкөлөрдөн түзүлгөн 50 желек илинсе, учурда БУУнун имаратынын алдында 193 мамлекеттин желеги желбиреп турат.

—  Кийинки 4 сессиясы Нью-Йорктогу Квинсте өткөн.

—  БУУнун китепканасында Никита Хрущевдун бут кийими менен такылдатып элдин көнүлүн бурганы атайын далилдер менен сакталбаганы, бирок ошол жердеги көпчүлүктүн эсинде калганы айтылат.

—  1960-жылы кубалык төңкөрүштүн лидери Фидель Кастро 269 мүнөт (4.5 саат) сүйлөп, рекорд жараткан.

—  46-сессиянын жүрүшүндө БУУ Советтер союзу таркагандан кийинки өз алдынча болгон мамлекеттерди кабыл алган.

—  Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеянын 50 жылдыгында Рим папасы Иоанн Павел II чыгып сөз сүйлөгөн. Ал эркиндикке умтулуу ар бир адамдын укугу экендигин белгилеген.

Албетте быйыл онлайн түрүндө өткөндүктөн, мамлекет башчылары видео аркылуу кайрылуу жасамакчы.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле жалпы дебаттар  өтүп, 23-сентябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков да видео аркылуу катышат.

Кошумчалай кетсек, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бардык президенттер БУУнун трибунасынан кайрылуу жасаган. Ал эми өткөн жылы Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышкан.


Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясында алгач ирет өзбек тилинде кайрылуу жасайт

Copyright © 2017 Maral FM