Биз менен байланышыңыз

Боронов санитардык талаптарды аткарбаган саясий партияларды сындады

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 21 Сен 2020 | 558 | 0

Саясий партиялар үгүт кампаниясы учурунда беткап тагынуу режими жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Ал санитардык талаптарды аткаруу сунушун эске албагандарды жоопкерчиликсиз катары баалады.

Санитардык талаптарды сактабаган партияларга чара көрүлө элек

Боронов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга саясий партиялардын штабдары менен биргеликте, санитардык эрежелерди сактоо тууралуу кошумча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Элүүдөн ашуун адамдын катышуусунда иш-чараларды өткөргөндөргө көзөмөлдү күчөтүүнү чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM