Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
Күндүз тоолуу аймактарда жаан жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Нарын облусунун аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19.
Бишкекте 22-сентябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24.