Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмү парламенттик шайлоого карата профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат.
Базар-Коргон РИИБи тарабынан шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоо жана үгүт иштери үчүн илинген көрнөк-жарнактарды уурдап же жыртып кетүү фактыларынын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Милициянын көчмө кабылдамасы айыл аралап, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алууда.
2020-жылдын 8 айынын ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 75 жолу район аймагына чыгып, жергиликтүү тургундардан 92 ар түрдүү кайрылууларды кабыл алган. Анын ичинен 17 кайрылуу коопсуздук боюнча, калган 75и шайлоо жана короновируска байланыштуу болгон.
COVID-19 илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында Аксы РИИБинин имараты санэпидкызматы тарабынан дезинфекциядан өткөрүлдү.
Кызматтык кабинеттер, убактылуу кармоочу жана текшерип өткөрүү жайларында санитардык иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле кызматтык автоунаалар дагы дезинфекцияланды. Мындан сырткары өздүк курам жугуштуу илдеттин алдын алуучу медициналык каражаттар менен камсыз кылынууда.