Биз менен байланышыңыз

Мектептер арасында «мыкты медиа бурч» сынагы өтөт

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 407 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында Кыргызстандын мектептеринин арасында медиа бурчтардын сынагы өтөт.

Ал 20-сентябрдан 25-октябрга чейин уланып, 5-ноябрга чейин жыйынтыгы чыгарылат.

“ММК колдоо борбору” фондунун долбоорлор боюнча директору Айчүрөк Усупбаеванын айтымында, “Мыкты медиа бурч» сынагына быйылкы жылы медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негизги темаларынан тышкары, аралыктан билим берүү жана COVID-19 пандемиясы темасы да киргизилет.

Сынакка буга чейин иштеп келген медиа бурчтар жана жаңы медиа бурчтар катыша алат.

Сынакты өткөрүүгө Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги жана Deutsche Welle академиясы колдоо көрсөтөт.

Кенен маалыматтарды https://mediasabak.org/kg/news/166 шилтемеси аркылуу кирип алса болот. Катышуу үчүн атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек. Катталгандан кийин пост жана видео түрүндө контент түзүүнү баштоо зарыл.

Финалисттерди тандоо “ММК колдоо борбору” фонду тарабынан сынактык негизде жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, мектептин Медиа бурчун мындан ары жайылтууга команданын мотивациясы жана даярдыгы бааланат.

Сынактын байге фонду:

1-орун — ноутбук;

2-орун — планшет;

3-орун — планшет.

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот:

0707 112 255 (Whatsapp) — Каныкей Кененсариева;

0777 230 286 — Тынчтыкбек Досмуратов же mediasabakkg@gmail.com электондук дарегине кат жазыңыздар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM