Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: 104 адам сакайып, 55 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 376 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 55 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, жаңы катталган учурлар аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:

— Бишкек шаарында — 8;
— Ош шаарында — 1;
— Чүй облусу боюнча – 1;
— Ош облусу — 7;
— Талас облусу — 5;
— Нарын облусу — 2;
— Ысык-Көл облусу – 2;
— Жалал-Абад облусу – 4;
— Баткен облусунда  25 учур катталды.

Жалпы өлкөдө коронавирус менен катталгандардын саны 45 миң 471ге жетти.

Ушул күндөрү ооруканаларда 554 бейтап дарыланып жатат. Үй шартындагы дарыланууда 1725 киши бар.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Пандемия башталгандан бери 1063 адам каза болгон.

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 2 учур.

Акыркы бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантининде жаткан 15 медкызматкер сакайды.

COVID-19 вирусу 3202 медкызматкерге жуккан, анын 2822си айыкты.

21-сентябрга карата COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 104 адам:

— Бишкек – 68;
Ош облусу – 1;
— Ысык-Көл облусу – 2;
— Жалал-Абад облусу – 9;
— Баткен облусу – 24.

Коронавирус менен ооруп, андан айыккандардын жалпы саны 41 миң 682.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM