Биз менен байланышыңыз

«Мекеним Кыргызстан» Аравандагы окуяны калыс иликтөөнү талап кылды

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 505 | 0

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 20-сентябрда Араван районунда болгон окуя боюнча билдирүү таратты.

Партия чагымчылдар тарабынан болгон жагымсыз окуя калыс иликтенет деп үмүттөнөт. Ошондой эле саясий оппоненттерин “отко май чачпоого” чакырат.

“Биз бул иш бейтарап жана калыс каралат деп үмүттөнөбүз. Бул фактыга карапайым жарандардын жана эл аралык байкоочулардын көңүлүн бурууну көздөп жатабыз. Эч кандай шайлоо, бир дагы үгүт иштери өлкөбүздөгү туруктуулукка, тынчтыкка жана эл аралык ынтымакка арзыбайт. Бийлик мындай чагымчыл аракеттерди, буюртма аткаргандарды катуу жазалоого милдеттүү деп эсептейбиз», — деп жазылат маалыматта.

Аравандагы мушташтан кийин 12 адам ооруканага түштү

Аравандагы жаңжал “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Бирок эки партия тең муну чагымчылдык катары баалашууда.

«Биримдик» партиясы Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, күнөөлүүлөр жана чагымдын уюштуруучулары жазаланышын талап кылышты.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигине Ош облусунун Араван районунда болгон окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жоопко тартылышы керектигин эскертип, жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Ички иштер министрлиги Ош облусунун Араван районунда коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынганын кабарлады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM