Биз менен байланышыңыз

Улуттук тарых музейинин айланасын тосуп коюшту

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 527 | 0

Социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук тарых музейинин айланасы тосулуп калганын сындап жатышат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бул окуянын чоо-жайын тактап жатканын кабарлады.

Улуттук тарых музейи 2016-жылы оңдоло баштаган. Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен кыргыз өкмөтү ортосунда меморандум түзүлүп, түрк тараптын каражатына оңдолуп жаткан. Бирок кийинчерээк музейдин имараты мамлекеттик бюджеттин эсебинен оңдоло баштаган.

Тарых музейинин ачылышы 2019-жылдын алгачкы айларына пландалган, бирок азыркыга чейин ачыла элек.

Опубликовано Искеном Афиджановым Воскресенье, 20 сентября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM