Биз менен байланышыңыз

«Мекеним Кыргызстандын» талапкери өткөрүп жаткан жыйында мушташ чыкты (видео)

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 1495 | 0

Ош облусундагы айылдардын биринде үгүт иштери учурунда тарапташтар ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу интернетте видеолор тарап жатат.

Интернет айдыңындагы маалыматтарга таянсак, «Мекен Кыргызстан» партиясынан талапкер Ильхом Маннанов Араван районуна караштуу айылдардын биринде үгүт жүргүзүп жаткан учурда, аны башка партиянын өкүлдөрү келип үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Интернеттеги айрым колдонуучулар чыр чыгарган тарап «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү экенин жазган. Алдын ала маалымат боюнча чыр чыккан жерде 12 адам жаракат алган. Чырдын себеби азырынча тактала элек.

Ош облустук ИИБсы бул окуяны каттоого алып, териштирүү иштери башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM