Биз менен байланышыңыз

Ноокат районунда 225 орундуу мектеп ачылды

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 368 | 0

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тескей-Кожоке айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. 18-сентябрда мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышты.

Абдижалил Чынгараев атындагы орто мектептин курулушу 2017-жылы 31-августта башталып, 225 окуучуга ылайыкташылган. Мектептин спорт залы жана ашканасы заманбап талапка ылайык салынган.

Бир компьютердик классы бар. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 51 млн сом бөлүнгөн.

Учурда мектепте 220 окуучуга 26 мугалим билим жана тарбия берүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM