Биз менен байланышыңыз

Некролог. Мурунку транспорт министри Эркинбек Курманбаев дүйнөдөн кайтты

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 396 | 0

Мурунку Транспорт жана унаа жолдор министри Эркинбек Курманбаев 81 жаш курагында көз жумду.

Эркинбек Курманбаев 1940-жылы 11-январда Кыргыз ССРинин Москва районундагы Фрунзе атындагы колхоздо туулган.

Ал 1969-1971-жылдары Фрунзе шаардык эл депутаттар кеңешинин депутаты болгон.

1978-жылы ноябрда Кыргыз ССРинин транспорт жана унаа жолдор министринин орун басары болуп дайындалган. 1991-жылы 23-ноябрда Эркинбек Курманбаев Транспорт жана унаа жолдор министри болгон.

Бул кызматта ал 1993-жылга чейин иштеп, автомобиль транспорту жана шоссе жолдорунун ички тутумун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.

Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын теӊ бөлүшүп, өкмөт башчы Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү көңүл айтышты.

К.А.Боронов, А.Б.Баатырбеков, Э.Ш.Асрандиев, А.К.Мадумаров, Т.А.Темиралиев, Ж.С.Бейшенов, А.Ш.Осмоналиев, Г.К.Абдралиева, К.А.Орозалиев, С.А.Аблесов, Ж.С.Алымкулов, Г.Н.Хорд, К.К.Карачалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM