Биз менен байланышыңыз

Боронов токойлорду сактап калууга чакырды

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 581 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов токой чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал табигый байлыктарды сактоо, өзгөчө токой экосистемасына көңүл буруу – ар бир жарандын милдети экенин айтты.

Токой чарбасынын кызматкерлерине токойлорду сактоо, жалпы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу тапшырма берилген. Токой фондун сактоо жана кеңейтүүнүн негизги аспектилери жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук стратегияда, Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында, Токой тармагын өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейинки стратегияда көрсөтүлгөн.

Бороновдун маалыматы боюнча, токой чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлери жыл сайын 1500 гектардай аянтка 20 миллиондой көчөт отургузат.

“Кыргызстанда бир нече пилоттук долбоор алкагында токойлордогу био ар-түрдүүлүктү сактоо, токой ресурстарын башкарууда инновациялык ыкмаларды киргизүү аракеттери көрүлүп келет. Токойлорду өрттөн жана башка ар кандай бузуулардан сактоого чоң көңүл бурулууда. Эл аралык уюмдар да көмөк көрсөтүп жатышат”, -деп айтылат өкмөт башчынын билдирүүсүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM