Connect with us

Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 92 миң адам алат      

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 512 | 0

2020-жылдын 1-сентябрына  карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 508,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” — 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 322,2 миң адамды түздү.

“Социалдык жөлөкпул” — пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,2 миң адамды түздү.

Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул алуучулар – 92,2 миң адам.

Өлкө боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сом. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3082 сомду түздү.                        

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен 5066,9 млн сом акча бөлүнгөн. Анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө – 2304,6 млн.сом, социалдык жөлөкпулга – 2389,8 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулун төлөөгө 372,5 млн.сом жумшалган.                   

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM