Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоого каршы акысыз вакцина кимдерге жасалат?

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 774 | 0

Кыргызстандын Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору Орусияда өндүрүлгөн сасык тумоого каршы “Гриппол плюс” вакцинасын алды.

Дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрүнө каршы вакцинациялоо төмөнкү категориядагы адамдарга акысыз жасалат:

-Жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрдө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлерине;

-Балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар үйү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган үйлөрдүн кызматкерлерине, өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга акысыз берилет.

Жарандар эмдөөнү алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылышы керек.

Сасык тумоого каршы вакцинацияны акы төлөп, жеке медициналык клиникалардан алса болот. Алар: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», пр.Асымбекованын клиникасында, ЦАДМИР, «Интермедикал» медклиникалары.

Кыргызстанда 16-сентябрдан тарта сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө. Эки күндөн бери Бишкек жана Чүй облусунун тургундарына вакцина жасалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Орусиядан Кыргызстанга вакцинанын 120 миң дозасы алып келинген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM