Биз менен байланышыңыз

Сингапурда Apple Watch ээлерине акча төлөнөт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 273 | 0

Сингапур өкмөтү жана Apple компаниясы саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен долбоор башталгандыгын жарыялады. LumiHealth деп аталган демилге октябрь айында башталып, 2 жылга созулат.

Сингапурдуктар LumiHealth тиркемесин iPhone жана Apple Watch сааттарына орнотуп, жынысына, жашына жана салмагына жараша көнүгүүлөрдү жасашат.

LumiHealth колдонуучулары сууда сүзүү жана чуркоо менен 280 АКШ долларын таба алышат. Мындан тышкары, программа дарыгерге кайрылуу же эмдөөдөн өтүү жөнүндө эскертүүлөрдү, туура тамактануу жана уйкуну жакшыртуу боюнча сунуштарды берет.

Apple бул программага катышуу ыктыярдуу жана колдонуучунун маалыматы шифрленген түрдө сакталып, сатылбай, же маркетинг максатында колдонулбай турганын ырастоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM