Connect with us

Исрадин Аманбаев: Саясат деп жүрө бербей, маданиятты сактап калалы! 

«Мен жана мезгил»программасынын  бул  жолку  коногу —  КРнын эмгек сиңирген артисти, Республикалык Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектептин директору, композитор Исрадин Аманбаев.

— Сиз менен өнөр сересиндеги күнгөй-тескейлер жөнүндө маек куралы. Учурдагы элдин жылдыздары эмне менен алек болуп жатат? Өзүңүз дагы көп жылдан бери музыка тармагында жаштарга, жеткинчектерге, деги эле Кыргыз Республикасынын маданиятына, искусствосуна салым кошуп, билим берүү тармагына эмгегиңизди арнап, чыгармаларыңыз менен элдин жан дүйнөсүн байытып келесиз.»Ааламга кетчү жол айылдан башталат» демекчи, кичи мекениңиз тууралуу айтсаңыз, чыгармачылыкка, искусствого кантип аралашып калдыңыз?

— Рахмат! Чыгармачыл адамдарга кызыккандар кайсыл жерде жарык дүйнөгө келди, ата-бабасы кандай адамдардан болду экен, кандай болуп таасирленди экен деген суроо берүүсү кажет. Мен эми кичи мекеним жөнүндө айтсам, Алай-Куу өрөөнүнүн Көңдүк айылында төрөлгөнмүн. Биздин айылдын айырмачылыгы — башында Кулун-Ата деген өзүбүзүн жакшы көргөн, кадырлаган көлүбүз бар. Ал көл асканын башында турат. Ат-Башы району менен чектешип кетет. Кулун-Ата деген суудан агып түшкөн дарыя биздин айылды аралап өтөт. Мына ошол айылда чоңойгомун. Эми керемети ажайып, кооздугу жөнүндө айтсам, абдан кооз айыл. Өзгөчө жайында барсаң, бийик-бийик зоолор менен курчалган. Төрт тарабынан тең суу агып түшөт. Айылдын өзгөчөлүгү Алай-Куу өрөөнүн комузчулардын, өнөрчүлөрдүн айылы деп айтышат. Кичинекей кезимде ар бир үйдө бирден комузчулар бар эле, азыр андай болбой калыптыр.

— Демек, ошол улуулардан көрдүңүз, таасирлендиңиз. Жол көрсөткөн ким болду эле?

— Бул — ата-бабаларыбыздан келе жаткан шык. Өзүмдүн атам 94 жашка чыгып кайтыш болду. Мына ошол атам комуз чертчү, комузду атамдан 6 жашымда  үйрөнгөнмүн. Ал эми өнөр адамдарынан таасир калтыргандар тууралуу айтсам, Ош мамлекеттик  педагогикалык институтта музыкалык факультет бар экен. Айтылуу Рыспай Абдыкадыров биздин айылга барып, ал жерден мага комуз черттирип, ырдатып көрүп, түз бараткан жолдон азгырган (күлүп). Мени Ошко алып келип, музыкалык факультетке окуткан. Андан кийин Асанкан Жумакматов консерваторияга чакыртып алып келген. Ал эми композитордук бөлүмдө менин улуу устатым Алтынбек Жаныбеков болду. Мына ушул үчөөнү айтып кетсем болот.

— Исрадин агай, айтсаңыз, Рыспай Абдыкадыров  жашоомдо чоң бурулуш жасады дедиңиз. Эгер ал  тарапка бурулуш  жасабасаңыз, Исрадин Аманбаев бүгүнкү күндө ким болмок?

— Эгер ал  тарапка баш бакпаганымда, Исрадин Аманбаев профессор, илимге кызыккан илимдин доктору болмок. Же жазуучу болмокмун. Ушундай бир адам болмок болсом керек деп өзүнчө ойлоно берем.

— Аккордеонду окуу жайдан үйрөндүңүзбү?

— Аккордеонду мектепте окуп жүргөндө 6-7-класска барганда үйрөндүм. Кошуна жакшы жигит бар эле, ал азыр каза болуп кетти. Ошол баян чертчү. Баян чертип, билбегенимди ошондон үйрөндүм.

—  Алгачкы обонуңуз кайсыл?

— Баардык нерсенин алгачкысы кызык, биринчи обон 8-класста жаралган. Ал мезгилде эмнегедир кароо-сынактар көп болчу. Агай-эжейлер арасындагы конкурс экен көрсө, анан музыканты жок, мени музыкант кылып алышты. Мен баян тартып берем, кичинекей баламын. Бир күнү үйгө келе жатып кандайдыр бир обондун кайрыктары кулагыма келип, өзүнчө  ырдап келе жатып, обон чыгарып көрөйүн деп ойлондум. Обонду жакшынакай кылып чыгарып алдым. Андан соң сөзүн издеп, Аалы Токомбаевдин «Кайда барат» (Коммунизмге деген) ырын мектептин 5-6-класстын адабият  китебинен таап обон чыгардым.  Ошону бир мугалим эжем ырдап, баш байгени алды. Алай-Куу өрөөнү боюнча обонум ошондон ары ырдалып кетти. Андан кийин Алыкул Осмоновдун “Берчи мага, жарым кашык музыка” деген ырына обон чыгардым. Калган обондорум кийин окуу жайга келгенде жаралды.

— Айрым бир обончулар айтып калат го, бала кезде чыгарып, ырдап жүрүп, музыкалык билим алып, тажрыйба алмашкандан кийин ошол обондоруң өзүңө   жакпай калат деп. Сизде да  ошондой болдубу?

Менин таң калганым, биринчи обонум өзгөчө болгон экен. Азыркыга чейин ырдап жүрөм. Анын формасы дагы өзгөчө. Музыкалык сабатым жок эле. Азыр изилдеп көрсөм мажордон минорго, минордон мажорго  өткөн жерлери бар экен.

— Обондорду жазып жатканда акындардын ырлары обонго шык берет эмеспи. Обон чыгараарда кайсы акындардын сөздөрүнө көбүрөөк кайрылдыңыз?

— Обон өнөрүнө биротоло сүңгүп киргенден кийин, көп акындардын ырларына кайрылдым. Алгач, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов ж.б. Мени элге алып чыккан «Нестан- Дарежан», «Соң-Көл баяны» аттуу ырларга жараткан обондорум. Мектепте эмгектенип жүргөн  мезгилде Жолон  Мамытов өзү акын жана ошондой эле завуч болуп иштечү. Экөөбүз «Өттү күндөр» деген эки обон жараттык . Андан соң Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, Жолдошбек Зарлыкбеков, Алым Токтомушов, өзгөчө Кожогелди Култегиндин жана  Мидин Алыбаев сыяктуу акындардын ырлары менен иштештим.

— Агай, күү боюнча айтсаңыз. Аккордеондо  обон чыгарып жүрүп, комузда күү жаратуу кандай болот? Буга да кайрык жана күү жаратуу жараткандын берген чоң  белеги болсо керек да.

— Бул күү менин оюмда бар болчу. Ошол күү  чыгаруунун сааты, мүнөтү быйылкы жылга туш келди. Ушул жылы комузда үч күү чыгардым: “Кел-кел”, Жан кайрык”,”Закым күү”.

— Жаралуу тарыхы тууралуу дагы айтса кетсеңиз.

— Закым деген өзүң  билесиң, көз ирмем. Дүйнө, аалам баары салыштырмалуу бир көз ирмем болуп  эсептелинет. Закымдап өтүп жатат убакыт деген маанини камтыган күү.

— Жашоодо кечигип  өкүнгөн, калып калган иштериңиз барбы?

—  Өкүнгөнүм эле бир нерсе − чыгармачылыкка сарптабай, көп убактым бекер өтүп кеткенине мен өкүнүп турам. Кийинки мезгилде убакыт мага аябай кымбат сезилип жатат. Себеп дегенде чыгармачылык адамдарда убакыт абдан зарыл нерсе. 

— Түрк тилинде ырдап көрдүңүз беле? Окшоштуктары кандай болот?

— Түркчө  ырлар бир жагынан тилдери дагы окшош эмеспи. Ошондой эле обону, кайрыктары кээ бирөөлөрү  окшошуп кетет.

— Чоң сахналардан сырткары окуу жайларга отчёттук концерт берген экенсиздер. Мисалы,  Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде.

— Отчёттук концерттерди мамлекеттик көзгө басар жападан жалгыз мектеп болгондуктан берип жатабыз. Илгертен келе жаткандай отчёт деген сөздү колдонобуз. Министрликте, консерваторияда, филармониянын чоң залында  жылда ушундай концерттер өтөт.

— Бизде азыркы мезгилде сиздин көз карашыңыз боюнча элибиздин маданияты, искусствосу, абалы кандай сезилип жатат?

— Искусствону, маданиятты сактап калуу үчүн келечекти тарбиялашыбыз керек. Ал эми азыркы маданиятты сүйлөсөк, көп сөз. Бүгүнкү күн эмес, эртеңки күндү ойлойлу. Баарыбыз саясат деп, баарыбыз бийлик деп жүрө бербей, келечек муунга тарбия беришибиз керек. Аларды колунан жетелеп, уядан учуруш керек. Ошондо маданиятты сактап кала алабыз.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM