Биз менен байланышыңыз

«Жал» кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 785 | 0

Бүгүн, 16-сентябрь түнкү 23:00 чамасында «Жал» кичи районундагы жаңы курулуп жаткан турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Министрликтин алдына ала маалыматы боюнча, өрт чыккан курулуш Тыналиев көчөсүндө жайгашкан. Аны өчүрүү үчүн 7 өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеодо тилсиз жоо көп кабаттуу үйдүн эң жогорку кабатында чыккан.

Кыргызстанда өрт өчүрүүчү техникалардын эскилиги жеткен. Өрт өчүрүү кызматынын билдиришинче, алардын эң бийик шатысы 50 метрлик.

Copyright © 2017 Maral FM