Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ баштаган өкмөт толук курамы менен отставкага кетти. Бул тууралуу япон өкмөтүнүн башкы канцеляры билдирди.
Жакынкы сааттарда Япониянын жаңы премьер-министри болуу үчүн талапкерге добуш берилет. Жаңы өкмөт башчы өлкөнүн башкаруучу Либерал-демократиялык партиясынан сунушталган Ёсихидэ Суга болору айтылууда. Добуш берүүдөн соң, Суга өкмөттүн жаңы курамын жарыялайт.
Буга чейин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетери айтылган. Ал Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган өкмөт башчы катары белгилүү.