Биз менен байланышыңыз

Кылкандуу дан эгиндеринин 84% жыйналды

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 473 | 0

Ушул күндөрү өлкө аймактарында оруп-жыюу иштери жүрүп жатат. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда кабарлагандай, кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 400 миң гектары  жыйналды. Бул жалпы аянттын 84% түзөт.

Чүй облусунда буудайды жыйноо  иштери толугу менен бүттү. Талас, Ысык-Көл, Нарында жана Алай жергесинде жыйноо иштери жүрүүдө. Ал эми арпа жыюу жумуштары жакынкы арада аягына чыгат.

4-сентябрга карата республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин дүң түшүмү 1041,5 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 100 миң тоннага көп болууда. Анын ичинде буудай 581,5 миң тонна жыйналды, же 66,9 миң тоннага көп болду.

Түшүмдүүлүк дан эгиндери боюнча: гектарына 26,5 центнерден айланууда (2019-ж – 25,9 центнер).

Жашылча-жемиш, бакча өсүмдүктөрүнүн жалпы дүң өткөн жылга салыштырмалуу 104,4 миң тоннага көп болууда.

Техникалык өсүмдүктөр боюнча жыйым иштери:

Пахта жыйноо 6-сентябрдан тарта башталды (Араванда), 21,8 миң га жерде пахта эгилген.

Кант кызылчасы быйыл 8,4 миң га жерге айдалган (2019 – 14,4 миң га). Республикада кумшекер өндүрүүчү 2 ишкана иштейт: “Кайынды Кант” жана “Кошой” заводдору. 2019-жылы кант заводдору тарабынан 761 миң тонна кант кызылчасы кайра иштетилип, 99,6 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн.

Жалпы импорт 2020-жылдын январь-июнь айларында 10,2 миң тоннаны түздү.

Бүгүнкү күнгө карата кант заводдорунда, соода борборлорунда жана калктын колунда 31 миң тонна кумшекердин запасы бар.

Кызылчанын быйылкы түшүмүн жыйноо эми башталат.

Жалпысынан учурда айыл чарба азыктарын өздүк өндүрүүнүн эсебинен камсыздандыруу: картошка – 106,2%, жашылчалар – 133%.

Ал эми өсүмдүк майы менен камсыздоо болгону 33,1% түзүүдө, 67% сырттан алынат.

Учурда бир литр күйүүчү майдын орточо сатылган баасы 35,8 сомду түзүүдө. Өткөн жылдын ушул мезгилинде майдын орточо баасы май куюучу бекеттерде 43,5 сомго чейин чыгып жаткан. Бул жагы да дыйкандарыбызга жакшы болду.

Жыйынтыктап айтканда, быйыл түшүмдүүлүктүн өсүү темпи 5-10% чейин жетет деп болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM