Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызын жеңилдетүүнү суранды

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 877 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Анда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Жээнбеков коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасир тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызын жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.


Тышкы карыз өстүбү? Өкмөттүн түшүндүрмөсү


Ошондой эле эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду. Электрондук соода жана маалыматтык технологиялар сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Бул өз кезегинде өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт.


Пандемия: Толбогон бюджет, «тыйылбаган» тышкы карыз


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кытай лидери Си Цзиньпиндин билдирүүсүн окуп берди. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер коронавирус инфекциясы пандемиясынан улам келип чыккан сыноолорго туруштук бергендиги, эми пандемиядан кийин кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл буруу керектиги жөнүндө айтылат.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен 13-сентябрда келген.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар, анын 86% тышкы карыз. Тышкы карыздын жарымына жакыны Кытайга туура келет.

Жапаров тышкы карыздан кутулуунун жолун сунуштады

Copyright © 2017 Maral FM