Биз менен байланышыңыз

Жапаров тышкы карыздан кутулуунун жолун сунуштады

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2020 | 1667 | 0

Азыркы өкмөт тышкы карызды кантип төлөөнүн жол-жобосун карап чыгышы керек. Мындай сунушун депутат Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Ал үчүн өкмөт башчы алгач фискалдаштыруу иштерин жүргүзүүсү керек. Андан тышкары алтын казган кендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алтындарды топтой баштоо шарт.

-“Талды-Булак” кенинде 44%дык үлүшүбүз бар. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы компания негизи алтынды чыгарып кетиши керек эле, азыр концентрат чыгарып кетип жатат. Бул жерде келишим бузулууда. Биз салыктан тышкары өндүрүлгөн алтындын 44%ын өзүбүзгө алып кала тургандай шарт түзүшүбүз керек. Жерүйдү 100 млн долларга саттык дешкени менен анда биздин эч канчалык үлүшүбүз жок. Аны менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Чаткалда “Чаарат” алтын кени казыла баштады. Ал жерде да Кыргызстан үлүшсүз калган. Ошол үчүн кен казгандар менен кайрадан сүйлөшүп чыгып, салык саясатын жөнгө салуусу керек.

Депутаттын айтканына караганда, өкмөт эгерде “Кумтөрдөн” өндүрүлгөн алтындан 1-5 тоннадан сатып алып коё берсе, кийинкиге жакшы запас болуп берет. Фискалдаштыруу ишке аша турган болсо, 1-этапта бюджетти 3млрдга көтөрүүгө болот. Алтынды улам сатып алып, резервге коюп туруу менен 2023-жылга чейин 500 млн долларды же ушул көлөмдөгү алтынды сактап турса, тышкы карыздан кутулуу оңой болорун да кошумчалады.

— 2 жылдан бери резерв түзгүлө десем, өкмөт түзбөй жатат. Салыкты көбүрөөк чогултуп, ошону резервге кармап туруу керек. Премьер-министр бул боюнча тынчсызданып, «эмне кылабыз?» деп жүрөт. Бирок экономика, финансы министрлеринин ойлонуп, түн ичинде уктабай жүргөнүн көрө элекмин. 

Copyright © 2017 Maral FM