Биз менен байланышыңыз

Электр жарыгына карыз болгон ишканалардын тизмеси

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 575 | 0

«Түндүк электр» ишканасы электр жарыгына карыз болгон ишканалардын тизмесин чыгарды. Абоненттердин төлөнө элек карызынын жалпы суммасы 500 млн 600 миң сомду түзөт. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды.

Эгер ишканалар 14-сентябрга чейин карыздарын төлөбөсө, жарыгы өчүрүлөт

Бишкек шаарындагы карызы бар ишканалар: 

-«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы — 22,9 миллион сом;

-Мамлекеттик имараттар департаменти — 6,3 миллион;

-Бишкек троллейбус башкармалыгы — 2,8 миллион;

-Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 36/47 мекемеси — 2,6 миллион;

-Улуттук хирургия борбору — 2,5 миллион;

-«Спорттук шаймандарды жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемеси — 2,3 миллион;

-«Учкун» ААК — 1,9 миллион;

-«Бета иншаат ятырымжылык» ЖАКы— 1,9 миллион;

-«Кыргызмебель» ААКы — 1,6 миллион;

-«Орок кыш заводу» ЖЧКсы— 1,2 миллион сом карыз болгон.

Жеке жарандар электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредобанк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө, төлөм тууралуу билдирме “Түндүкэлектр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM