Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Жалал-Абадга аба каттамдары ушул айдын аягында кайрадан жанданат

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 382 | 0

Бишкек-Баткен-Бишкек жана Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамдары ушул айдын аягында кайрадан жанданат. Бул тууралуу «Маралга» Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Акышевдин айтымында, өлкө ичинде августтан баштап Бишкек-Ош туруктуу каттамы менен күнүнө 2-3 рейс ишке ашырылып келсе, сентябрь айынын аягынан баштап Жалал-Абад жана Баткен шаарларына да каттамдар кайрадан жандандырылат. Учууларды Tez Jet Airlines авиакомпаниясы ишке ашырмакчы.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам, март айында Кыргызстандагы ички жана тышкы аба каттамдары убактылуу токтотулган болчу.

Кыргызстанга эл аралык каттамдардын «эшиги» толук ачыла элек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM