Биз менен байланышыңыз

«Мекеним Кыргызстанга» иштөөгө мажбурлаган жарандар кармалды

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 2012 | 0

Жалал-Абад облустук милициясы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына иштөөгө мажбурлаган жарандарды кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

7-сентябрь күнү Аксы РИИБдин жетекчилигине Аксы районунун Үч-Коргон айылынын 30 жаштагы тургуну Б. Ш. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 7-сентябрда түнкү саат 01:00 чамасында Т.Э. аттуу айылдашы кол телефону аркылуу Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы маданият үйүнүн жанына чакырып алып, шериктери менен “Сен эмне үчүн “Биримдик” саясий партиясына өтүп, үгүттөө иштерин жүргүзөсүн? Тез арада “Мекеним Кыргызстан” партиясына өтүп, ошол жактан үгүттөө иштерин жүргүз» деп, уят сөздөр менен тилдеп, коркутуп зомбулук жасоого аракет кылышканын айткан.

Бул арыз боюнча топтолгон материал Аксы РИИБинде “ээнбаштык” катары катталып, Жазык Кодексинин 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

 Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул окуяга шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, тергөөгө алып келинген.

Алар Аксы районунун тургундары 1985-жылы туулган Э.У. жана 1987-жылы туулган Т.Э. болгон. Шектүүлөр Аксы райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен бир айга камакка алынды.  

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда айтылган жагдайларды тастыктаган аудио үн тарап кеткен. Анда 3-4 адамдын одоно сөгүнгөн сөздөрү жана мажбурлоо тууралуу үндөр жазылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM