Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 71 жаңы учуру катталды. Аймактар боюнча бөлүп караганда:
— Бишкекте — 15 учур;
—Ош – 1;
—Чүй облусу – 4;
—Ош облусу — 5;
—Талас облусу — 4;
—Ысык-Көл облусу – 8;
—Жалал-Абад облусу – 15;
—Баткен облусунда — 19 учур катталды.
Коронавирус жуктургандардын саны 44 миң 684кө жетти.
Ушул күндөрү стационарларда 532 бейтап дарыланууда, амбулатордук дарыланууда 2260 адам бар. Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 151 киши сакайды. Коронавирустан жалпы 40 миң 487 бейтап айыкты.