Биз менен байланышыңыз

Москвада тамашага кабылган Азамат: Бычак сайып жибереби деп корктум

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 15795 | 0

Социалдык тармактарда блогер Михаил Литвиндин тамаша торуна илинип, өзүнүн эр жүрөктүүлүгү менен көпчүлүктүн ыраазычылыгына ээ болгон мекендешибиз Азамат Нуржанов өзү жана талкуу жараткан видеодогу тамаша тууралуу “Марал” радиосуна маек курду.

— Мен 1991-жылы Талас облусунун Манас айылында төрөлгөм. Үч бир туугандын улуусумун, учурда бойдокмун. Айылдан эле спорт менен машыгып, Кыргызстандын желегин желбиретип, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Түркияда өткөн ар кандай спорттук иш -чараларга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жүргөм. Турмуш шартка байланыштуу ушул жылдын февраль айында Москва шаарына бир тууган иним экөөбүз  келип калдык. Бул жакта ресторандардын биринде тамак жеткирип берүү кызматын аткарам.

-Пранк тартылган күн тууралуу айтсам, ошол күнү көчөдөн өтүп баратканда кичинекей баланы карап тур деп суранышканда макул болгом, анан өзүңүздөр видеодо көргөндөй эле, ошол замат эки бейтааныш жаш баланы алып жөнөдү. Мен эмне болгон шартта да баланы уурдатып жибербөөнүн аракетин көрүп, аларды кармадым. Бирок бычак сайып жибереби деп корктум.

Ошол себептен оң жактагы баланы тептим, үстүмдөгү күрмө узун болгондуктан, экинчи бутум дагы көтөрүлүп өзүм кулап калдым. Болбосо, бутум жетип жакшы эле тепмекмин (күлүп). «Тамаша» дегенден кийин гана менде коркуу сезими пайда болду.

Ушул окуядан кийин бардык мекендештеримдин айткан жакшы тилектерине ыраазы болдум, Инстаграм баракчама дагы көп кишилер жакшы каалоо- тилектерин айтып жатышат. Баарына чоң рахмат.

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болуп өлкөбүз өнүгүп-өссүн.

Тамаша тор: кыргызстандык Азамат Москвада кичине баланы сактап калды (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM