Биз менен байланышыңыз

Тамаша тор: кыргызстандык Азамат Москвада кичине баланы сактап калды (видео)

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 22263 | 1

Орусияда кыргызстандык жаран жаш баланы уурдоо аракетин токтотуп калды. Тактап айтканда, кыргызстандык атлетчи Азамат Нуржанов көчөдө баратып, орусиялык белгилүү блогердин тамаша торуна түштү.

Блогер Михаил Литвин сценарий боюнча, көчөдө өтүп бараткан жарандардан кичинекей баланы убактылуу карап туруусун өтүнөт. Ал аңгыча чоң кара түстөгү жол тандабас менен адамдар келип жаш баланы уурдоого аракет кылат. Кыргызстандык Азамат Нуржанов спорттук көндүмдөрүн колдонуп, жаш баланы куткарып калат.

Учурда бул видео орусиялык интернет айдыңында эң көп талкууланууда.

Блогер Михаил Литвиндин Инстаграм баракчасында дээрлик 11 млн катталуучусу бар.

Азамат Нуржанов 2019-жылы Кыргызстандын жеңил атлетчилер курама командасында машыккан. Учурда Орусияда иштейт.

Пранкта жаш баланы алдырбай сактаган жигит кыргыз экен. Жүрөк тоо азамат экен. 🇰🇬💪 Азамат Нуржанов деген жигит экен.

Опубликовано Беком Нуром Понедельник, 7 сентября 2020 г.

Москвада тамашага кабылган Азамат: Бычак сайып жибереби деп корктум

1 пикир

1 пикир

  1. Тилек

    10.09.2020 11:26

    Мыкты азамат жигиттер журот мигрант болуп чондор киче иштеп койгондо Кыргызстанда эле иштейт болчу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM