Биз менен байланышыңыз

Килиан Мбаппе коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 8 Сен 2020 | 585 | 0

Франциялык “ПСЖ” футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу футболдук клубдун расмий сайтында жарыяланды. Бул жагдайга байланыштуу Франциянын негизги курамында ойногон Мбаппе бүгүн, 8-сентябрда Улуттар Лигасында Хорватия курамасы менен боло турган оюнга катышпай турган болду.

Буга чейин «ПСЖ» футболдук клубунун чабуулчулары Неймар, Мауро Икарди, жарым коргоочулар Анхель Ди Мария, Леандро Паредестен коронавирус инфекциясы аныкталган. Бул оюнчулар Ибицте чогуу эс алууда болушкан.

Мбаппе «Монако» клубунан «Пари Сен-Жерменге» 2017-жылдын жай мезгилинде келишим менен өткөн. Мурунку сезондо 21 жаштагы Мбаппе Франция чемпионатында 20 беттешке катышып, 18 гол киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM