Биз менен байланышыңыз

Шайлоого аттанган айрым талапкерлер тизмеден чыкты

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 8 Сен 2020 | 822 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 3 партиянын айрым талапкерлерин берген арызынын негизинде каттаган жок.  “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Дастан Алымбеков тизмеден чыгарылды.

Ошондой эле “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен алты талапкер чыгарылды. Алар — Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбекова.

БШК мындан тышкары, “Социал-демократтар” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Эрмек Океновду да чыгарды.

Парламенттик шайлоого катышууга уруксат берилген 15 саясий партия 1 миң 957 талапкерди көрсөтүшкөн, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылган. Жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталган. Анын ичинен 618и же 32,32% аялдар.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.

Copyright © 2017 Maral FM