Биз менен байланышыңыз

«Социал-демократтар»: «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон четтетүү мыйзамсыз

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 7 Сен 2020 | 714 | 0

“Социал-демократтар” саясий партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоодон четтетилишин сындаган билдирүү таратты. Партиянын кайрылуусунда олуттуу электораты бар, абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши — келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизери айтылат.

“Бийликтин аракеттерине сын айткан саясий күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнүнүн парламентте угулбай калышы — жалпы бийлик бутактарына болгон элдин ишенимин азайтат. Андыктан “Социал-демократтар” бардык бийлик бутактарына шайлоонун адилеттүү өтүшүнө өз салымдарын кошууга чакырат”, -деп айтылат билдирүүдө.

Партия ошондой эле адилеттүү шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотуу керектигин айтып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата адилеттүү чечим чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрылышарын билдирет.

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы арызы каралат.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген.

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызын карайт

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM