Биз менен байланышыңыз

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызын карайт

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 7 Сен 2020 | 844 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы арызы каралат.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген.

6-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына чогулушуп,  соттон туура чечим чыгарууну, БШК мүчөлөрүнүн отставкасын талап кылышты.

5-сентябрда Жалал-Абаддагы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери да БШКнын чечимине нааразылык билдиришкен.

Партиянын Ала-Бука районунун борборундагы штабына Чаткал районунан да тарапкерлер келишип, алар соттон партияны каттоо боюнча оң чечим чыгарууну талап кылышкан.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM