Биз менен байланышыңыз

Штаб: Маараке өткөрүүчү жайлар тыкыр көзөмөлгө алынышы керек

Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 560 | 0

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө коомдук жайларда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү биллдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларда рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

— Көп сандаган адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү жогорку уюшкандыкта жүргүзүүсү шарт, — деди Алмазбек Баатырбеков.

Отурумда өлкөнүн бир катар облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, жарандарга коронавирус инфекциясынын жугушун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Муну менен катар өпкөсү сезгенген өтө оор абалдагы бейтаптардын ден соолугун жакшыртуу маселеси талкууланды.

Белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлиги өтө оор абалдагы бейтаптар үчүн дарыгерлердин консилиумун уюштурууда.

Ошондой эле курулуш иштери жана багыты өзгөртүлүп, ооруканага ыңгайлаштырылып жасалып жаткан саламаттык сактоо мекемелерин медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси дагы каралып, бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM