Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ошто жер титиреди

Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 529 | 0

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кыраалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-сентябрда саат 09:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Ак-Босого айылында 3 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кызыл-Алай айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилген деп айтылат.

Кырсыктын кесепетинде жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM