Биз менен байланышыңыз

4-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтөт

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 598 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 4-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;

Таласта түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +28…+30 градуска жетет.

Copyright © 2017 Maral FM