Connect with us

Covid-19: Акыркы суткада 2 медкызматкер вирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 425 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усөнбаев бүгүн брифинг учурунда билдирди:

Жаңы учурлар:
• Баткен облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 1

Ал эми бир суткада  ооруканалардан 7, үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  3116 учур катталды, алардын ичинен 2409 медкызматкер айыкты.

Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM