Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усөнбаев бүгүн брифинг учурунда билдирди:
Жаңы учурлар:
• Баткен облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 1
Ал эми бир суткада ооруканалардан 7, үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3116 учур катталды, алардын ичинен 2409 медкызматкер айыкты.
Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.