Биз менен байланышыңыз

Сокулукта бардык күндүзгү стационарлар жабылды

Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 581 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунда күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу ҮМБнын директору Венера Китаева билдирди.

Анын айтымында, алар пандемия күч алган мезгилде ачылган 16 күндүзгү стационарларды жабышты.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен 18-августта күндүзгү стационарлар бейтаптардын саны аз болгон үчүн жабылды. Бирок азырынча керебеттер калтырылып, төшөктөр тазаланды. Экинчи толкун башталып калса, алар дароо ачылат», — деди Китаева.

Copyright © 2017 Maral FM