Биз менен байланышыңыз

Дагы 3 стационар ачылды. Бишкектеги 12 күндүзгү стационардын дареги

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 833 | 0

Бишкек шаарындагы мектептердин базасында дагы үч күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы ачылган стационарлар:

  • Ак Босого конушундагы №81 мектепте (Профессор Зима көчөсү, 220) — 40 орун;
  • Ак-Ордо конушундагы № 96 мектептин базасында (Каркыра көчөсү, 93а)—30 орун;
  • Аламедин-1 кичи районундагы №38 мектепте — 50 орун.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы ачылган стационарлар адамдарды кабыл алып баштады. Ал эми буга чейин ачылган 9 борбор дагы иштеп жатат.
Күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн баштап 20:00гө чейин кайрылууга болот. Борбор курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптар үчүн. Ошондой эле тамчылатма (капельница) дары койдуртуп же ийне сайдырууга болот.

Буга чейин иштеп жаткан 9 күндүзгү стационардын дареги:

Ленин районунда:

— «Газпром» спорт комплексинде 120 орун (Токонбаев менен Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде);

— №68 гимназия-мектебинде 30 орун (Токтогул менен Үмөталиевдин кесилишинде);

— «Арал» кафесинде 50 орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:

— Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде 150 орун (Чыгыш-5 кичи районунда);

— №94 орто мектепте 50 орун («Дордой» конушунда).

Октябрь районунда:

— «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасында 200 орун (12-кичи райондо);

— «Сейтек» мектебинде 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 «Ала-Тоо» университети).

Биринчи май районунда:

— №83 орто мектепте, «Кудайберген» базарынын жанында 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9)

— К.Кожомкул атындагы спорт сарайда 150 орун.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM