Бишкек шаарындагы мектептердин базасында дагы үч күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы ачылган стационарлар:
- Ак Босого конушундагы №81 мектепте (Профессор Зима көчөсү, 220) — 40 орун;
- Ак-Ордо конушундагы № 96 мектептин базасында (Каркыра көчөсү, 93а)—30 орун;
- Аламедин-1 кичи районундагы №38 мектепте — 50 орун.
Буга чейин иштеп жаткан 9 күндүзгү стационардын дареги:
Ленин районунда:
— «Газпром» спорт комплексинде 120 орун (Токонбаев менен Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде);
— №68 гимназия-мектебинде 30 орун (Токтогул менен Үмөталиевдин кесилишинде);
— «Арал» кафесинде 50 орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).
Свердлов районунда:
— Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде 150 орун (Чыгыш-5 кичи районунда);
— №94 орто мектепте 50 орун («Дордой» конушунда).
Октябрь районунда:
— «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасында 200 орун (12-кичи райондо);
— «Сейтек» мектебинде 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 «Ала-Тоо» университети).
Биринчи май районунда:
— №83 орто мектепте, «Кудайберген» базарынын жанында 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9)
— К.Кожомкул атындагы спорт сарайда 150 орун.