Биз менен байланышыңыз

Канат Исаев: «Кыргызстан» шайлоого катышып, сөзсүз жеңишке жетет (видео)

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 875 | 0

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев партия шайлоого катышып, сөзсүз жеңишке жетерин билдирди. Бул боюнча атайын видеокайрылууну партиянын Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

«Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтеринин артка кайтарылышы боюнча партия лидери Канатбек Исаев тарапташтарына кайрылуу жасады. Партия лидери өз кайрылуусунда, БШК чыгарган чечимдин мыйзамсыз экендигин дагы бир жолу белгилеп, бул иштин акыйкат чечилерине сот чекит коерун айтты.


Атаандаштар анык. Кайсы партияга добуш бересиз? (Сурамжылоо)


Ошондой эле Канатбек Исаев штабдын кызматкерлерин өз иштерин уланта берүүгө чакырды.

Эске салсак, кечээ, 25-августта «Кыргызстан» партиясы БШКга тапшырган документтердеги мүчүлүштүктөрдөн улам, шайлоого катыша турган тизмеге кирбей калган. БШКнын мындай чечимине нараазы болгон партия, маселени сот аркылуу чечерин билдирген.

Канатбек Исаев: Биз шайлоого катышып, сөзсүз жеңишке жетебиз! «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтеринин артка кайтарылышы боюнча партия лидери Канатбек Исаев тарапташтарына кайрылуу жасады. Партия лидери өз кайрылуусунда, БШК чыгарган чечимдин мыйзамсыз экендигин дагы бир жолу белгилеп, бул иштин акыйкат чечилерине сот чекит коерун айтты. Муну менен бирге Канатбек Исаев штабдын кызматкерлерин өз иштерин уланта берүүгө чакырды.

Опубликовано «Кыргызстан» партиясы Среда, 26 августа 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM